Мышыктын каргышы

Мышыктын каргышы Саадат бала кезинен эле мышыкты көрсө итиркейи келип жактырчу эмес. Айылдын көчөлөрүнөн же коңшу колоңдорунун үйүнөн мышык көрсө бүткөн бою жыйрылып кетчү. Ошонусу ошо болду. Бой жетип, коңшулаш айылдагы Абакирге күйөөгө чыкты. Алгач алардын үйүнөн мышык көргөндө абдан чочуду. Болгондо да ургаачы мышык. Өчөшкөндөй кайын журту бул жаныбарга өзгөчө сүйүү менен мамиле кылышат экен. Арадан үч-төрт ай өтпөй, баягы мышык тууду. Саадаттын кайын энеси мышыктын алдына аспиеттеп төшөк салып, эне мышыкка тамак берип, абдан жакшы карап жатты. Муну көргөн Саадаттын кыжыры кайнайт. Мыйлары чыйылдаган сайын алып ыргыткысы келет. Бир-эки жолу Абакирге бул көрүнүш жакпаганын да айтты. Анда Абакир: Бир аз чыдап тур. Мыйлары чоңойгон соң, апам кимге мышык керек болсо ошолорго таратып жиберет. Анан энеси калат. Эми сен бул мышыктарга көнүшүң керек. Апам мышыкты абдан жакшы көрөт. Аларга туура эмес мамиле кылып, апамды таарынтып алба,-деди. Мышыктарды ушунчалык жаман көрөм. Кантип көнөм? Мышыктын эмнеси жаман. Өтө назик, жагымдуу жаныбар эмеспи? Сага таң калам... - дейт Абакир. Бул арада Саадат да кош бойлуу болуп калган. Анын ого бетер мышыкка болгон жек көрүү сезими күчөп, үнүн угар замат денесин калтырак басчу болду. Бир күнү Саадаттын кайын энеси Кара-Жыгачка базарга кетти. Ошондон пайдалнып, мышыктын балдарын жок кылууну ойлонду. А кайын энеси сураса, билбейм деп коем деген пикирде болду. Ал күнү Абакир да чөп чабыкка кеткен. Үйдө Саадат жалгыз. Ал акырын мышыктын балдарына барды да, мыйларынын буттарын байлап, мүшөккө салды. Көтөрүп барып айылды аралап аккан чоң сууга ыргытып жиберди. Саадаттын артынан калбай ээрчип келген эне мышык балдарынын артынан сууга таштады. Бирок мүшөк таштан - ташка урунуп, мышыкка кармата койбоду. Анын бул аракетине таң калган Саадат алар көрүнбөй калганча карап турду. Ичинен: -Буюрса мыйлары эле эмес, энесинен да кутулдум, - деп күбүрөнөт. Кечке жуук кайын энеси келип эле мышыкты балдары менен таппай калды да: Саадат, сен мышыкты жаман көрөрүңдү билем. Эгер бир нерсе кылсаң айт. Балалуу мышыкка зыян келтирбе. Өзүң кош бойлуусуң, - деп эскертти. Мен мышыгыңызды көргөн жокмун, - деп мукактанды. Ай билбейм, балам. Көрбөгөнүң чын болсун. Эгер бир зыян келтире турган болсоң, мышыктын каргышы жаман болот. Эсиңде болсун. Ошентип, бир канча күндөн соң, баягы эне мышык жүдөгөн, арыктаган абалда келип калса болобу. Саадаттын кайын энеси мышыктын келгенине кубанып, тамак берип, айланчыктап жанынан чыкпай жатты. Бирок мыйларынан дайын жок. Мышык Саадатты көрөр замат корголоп, мыёолоп жиберди. Ошондо кайын энеси мыйларды келини соо койбогонуна ынанды. Арадан үч-төрт ай өтүп Саадат көз жарды. Кыз болчу. Доктурлар кызын эмизүүгө алып келишти. Жаш келин баланын жытына балкып, эмизип жаткан. Быйтыйган кичинекей колдорун кармалап жатып, эки колу тең ачылбай турганын байкады. Чочуп кетти. Доктурду чакырды. Доктур: Эми сабыр кыл. Кызың төрөлгөндө эле эки колу ушундай болуп төрөлдү. Аз-аздан массаж кыла берсең, толук болбосо да азыраак жазылат. Медицина күндөн күнгө өнүгүп жатпайбы. Кызың чоңойгондо балким операция жасатып түздөтүп алат. Ага капа боло бербе. Баары жакшы болот,-деп, сооротту. Арадан төрт-беш күн өткөн соң, ооруканадан чыгып келишти. Кайын энеси: Ай балам ай, мен сага айттым эле го. Мышыкка тийишпе деп. Эми биягы ушуну менен эле токтосо жакшы, - деди үшкүрүп. Саадаттын кызы Сурма абдан акылдуу, келишимдүү болуп эс тартты. Сүрөттү абдан мыкты тартчу. Мектептеги дубал газеталарга ажайып дүйнө жаратып жиберчү. Анын колу толук ачылбаса да, калем кармап сүрөттөрдү тартканда классташтары суктанып карап калышар эле. Мектепти ийгиликтүү аяктап, медициналык окуу жайына тапшырды. Жашынан хирург болууну каалап, колунун эмнеге мындай болгонун изилдегиси келчү.

Смотрите также