Интернеттен бөдөнө өстүргөндү үйрөнгөн М. Ункулов бүгүнкү күндө 1000дей бөдөнө өстүрүүгө жетишти

60 жашынан баштап бөдөнө багууну кесип туткан Маматмуса Ункулов жасалма жол менен бөдөнөлөрдү көбөйтүп, учурда башка канаттуулардын түрүн өстүрүүнү пландоодо. Айыл шартында бөдөнөлөрдү жасалма жол менен өстүрүүнүн жолун тапкан Ункулов, канатууларды өстүрүү анын эзелки тилеги экенин, технология өнүгүп жаткан заманда, интернеттин жардамы менен илгерки тилегин орундалып турганына сүйүнүп жатканын жашырган жок. Адатка айланган ары-бери басмай жумуштардан, көкөйгө тийген көйгөйлөрдөн арылганын айткан кесип ээси, көңүлгө төп келген ишти жасоо адамга ырахат таартуулайт деген пикирде.

Смотрите также