Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
#music Тургунбай Эргешовдун сөзүнө жазылган “Сенин күйөөң жөнүндө” аттуу обонумду сунуштайм. СЕНИН КҮЙӨӨҢ ЖӨНҮНДӨ Сөзү Тургунбай Эргешов Обону Түмөнбай Колдошов Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө: жылытуучу күн бар бекен көзүндө, сагынтуучу гүл бар бекен сөзүндө. Бажырайган ажарыңа аптыгып, агартуучу нур бар бекен өңүндө?.. Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө: сулуулугу менден эки эсеби, баалай билип кадырыңа жетеби. О, жакшынам, жесирдетип жашыңан, же бир күнү зар ыйлатып кетеби?.. Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө: чынында эле чындыктардай жигитпи? А сүйүүсү сезимиңе сиңиппи? Башканы айтпайм, сени сүйүү жагынан, чиркин дүйнө, менден дагы бийикпи?!..