Кудайга ишенген адам, Кудайга жаккан иштерди кылат

Лук 9:53-54: "Бирок самариялыктар Иерусалимге бара жаткан Ыйсаны кабыл албай коюшту. Анын шакирттери Жакып менен Жакан муну көргөндө: «Теңир! Каалайсыңбы, асмандан от түшүп, аларды кырып жок кылсын деп айталы?» – дешти." Лук 9:55-56: "Бирок Ыйса аларга бурулуп, тыюу салды да: «Ичиңерде кайсы рух бар экенин билбейсиңер. Анткени Адам Уулу адамдын жанын өлтүрүү үчүн эмес, куткаруу үчүн келген», – деди. Ошентип, алар башка айылга кетишти." Жкн 8:39-40: "Ошондо алар ага: «Биздин атабыз – Ыбрайым», – деп жооп беришти. Ыйса аларга: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер. Бирок азыр Мени – Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды өлтүргүңөр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес." Гал 6:7-8: "Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот. Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат." #библия #инжил #куткаруучу #машайак #падыша #теңир #ыйса #ыйыккитеп #ыйыкрух

Смотрите также