ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ: Д. САДЫРБАЕВ АӨ “ОЙМО-БИЛЛИНГ” СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ИШТӨӨДӨ

Ноокен районуна караштуу мурунку Масы АӨ (Д.Садырбаев АӨ) коңшулаш Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш АӨ менен таштандыларды утилдештирүү максатында муниципалитеттер аралык кызматташтык (МАК) келишимине кол коюп, Кеңеш АӨ полигонуна таштандыларды ташып чыгаруу менен АА аймагында таштанды жыйноо, ташып чыгаруу жана утилдештирүү маселеси толугу менен чечилди. Таштанды жыйноо жана ташып чыгаруу Масы АӨ (Д.Садырбаев) “Масы Тазалык” МИ тарабынан жүргүзүлүп келүүдө. МИ бүгүнкү күнү толугу менен өзүн-өзү каржылоочу, туруктуу ишкана болуп түптөлдү. Калкка көрсөткөн кызматтары өчөн төлөмдөрдүн жыйналышын үч эсеге көтөрүлүшүнө “Оймо-Биллинг” системасынын жардамы менен жетишишти. Бул ийгиликтүү тажрыйба Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырылып келген “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун колдоосунда ишке ашкан. Ал тууралуу кеңири маалымат ушул видеотасмада берилди. #ӨСИ_ИПР #swisssupport #Embassy_of_Switzerland #helvetas_kyrgyzstan #улучшение_услуг_на_местном_уровне #жергиликтүү_кызматтарды_жакшыртуу #ЖӨБ_МСУ #PSI #publicservices #муниципалитет

Смотрите также