Болот Минжылкиев - Эне жөнүндө баллада / КТРК казынасынан

Сөзү : Сагындык Өмүрбаевдики Обону : Аксуубай Атабаевдики ЭСКЕРТҮҮ! Бул каналга КТРКнын казынасындагы материалдар жүктөлүүдө! Башка каналдарга алып жүктөгөндөргө страйк жөнөтүлөт. Буга чейин уруксатсыз Казынанын видеолорун колдонуп келген каналдарга дагы эскертүү беребиз! Белгилүү опера ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев 1940-жылы Фрунзе шаарында туулган. Ташкенттеги мамлекеттик консерваторияны бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солист болуп кирген. Консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучулардын биринчи сынагынын лауреаты болгон. Миландын Ла Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган. Концерттик программалар менен чыккан, Москванын Чон театрынын сахнасында Санкт-Петербургдун академиялык опера жана балет театрында да ырдап чыккан. Болот Миңжылкиев эл аралык, Бүткүл союздук конкурстардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарынын ээси. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Болот Миңжылкиев 2000-жылы 60 жаш курагында каза болгон. #КТРКказынасы

Смотрите также