Бул подкасттын чыгарылышында биз Сыдыков Урматбек Омарович менен баарлашып, анын “DS” клиникасын негиздөө жолун жана проктология жаатындагы бай тажрыйбасын талкууладык. Эгерде сиз ден соолукка кам көрүүнүн маанилүүлүгүн, проктологиялык оорулардын өзгөчөлүктөрүн жана жеке клиника ачуунун сыры менен таанышкыңыз келсе, бул эпизодду өткөрүп жибербеңиз! 00:00 - 03:00 - Таанышуу Сыдыков Урматбек Омарович менен таанышып, анын медициналык карьерасынын башталышы тууралуу угалы. 03:05 - 04:35 - Кандай бейтаптар келет? Проктология жаатында кайсы түрдөгү бейтаптар көбүрөөк кайрылат? 04:36 - 06:35 - Кайсыл кесиптин ээлери көбүнчө кайрылат? Проктологго көбүнчө кайсы кесиптин ээлери кайрылат жана анын себептери эмнеде? 06:38 - 07:43 - Оорулар жашардыбы? Проктологиялык оорулардын жаштар арасында көбөйүп жатканы тууралуу талкуу. 07:46 - 08:30 - Коркуп келбегендер көппү? Элдин проктологго кайрылуудан коркуусу жана анын себептери. 08:45 - 10:00 - Кайсыл белгилер пайда болгондо барыш керек? Проктологго кайрылууга себеп болчу белгилер жана симптомдор. 10:05 - 17:59 - Жеке клиника тууралуу “DS” клиникасынын негизделиши, өзгөчөлүктөрү жана сунушталган кызматтар тууралуу маалымат. 18:01 - 20:48 - Наркоздун зыяны барбы? Наркоздун ден соолукка тийгизген таасири жана анын коопсуздугу. 20:50 - 25:53 - Адистерди кантип тандайсыз? “DS” клиникасында адистерди тандоо процессинин өзгөчөлүктөрү. 25:54 - 27:33 - Адистер эс алабы? Клиникада иштеген адистердин эс алуу убактысы жана жумуш графиги тууралуу. 27:34 - 29:18 - Жеке жашоо Сыдыков Урматбек Омаровичтин жеке жашоосу жана анын медайымдар менен иштешүүсү тууралуу кыскача маалымат. 29:19 33:08- Калоо тилек Эфирдин аяктоо бөлүгү, Сыдыков Урматбек Омаровичтин угармандарга болгон калоо-тилектери. Сиз бул эпизоддон медицинанын кызыктуу жана маанилүү аспектилери жөнүндө көп нерселерди үйрөнөсүз. Угуп, ден соолугуңузга болгон мамилеңизди өзгөртүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк! Инстаграм баракчасы:
https://www.instagram.com/proctolog.k... Менин YouTube каналыма катталып, лайк басып, комментарий калтырганды унутпаңыздар 🙏