Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Тун перзетим жарык дуйного келди. Жаным менен болуп жатып мен коргон азапты корбосо эке деп тиледим. Кучак толгон лилия гулун алып барып торотканадан уулумду алып чыгуу максатым бар эле. Башымда эмне кун бар , эмне кун жок эгер мага бир жамандык болсо уулум сага аманат , Лилия каалаган убакта келип корсун бирок огойго бербе - дедим. Кой иним сага убада бере албаймын , озун эле ээ бол - деди. Ысымын Зуридин деп додам койду. Ниетинди туз кыл Зуридинди озум суннотко отургузуп беремин , Аллах насип кылсын озун уйлойсун балам - деди додам. Убакыттын отушу менен мен баса баштадым. Жаны баскан наристедей там - тун бастым. Кубанганымдан ыйлап жибердим. Коп басканга болбойт алты ай режим кармадым. Мекенге келип уулумду кучагыма алдым. Соода ишин солгундатпай женем жубайым экоо кафени иштетип туруптур. Оз уйубузго кочуп келдик. Женем менен агама жук болгум келбеди. Кафени озум козомолго алдым. Ишим онунан чыгып киреше жакшы тушуп жатты. Зулайка аттуу кыздук болдук. Додам кулагына азан айтты. Аны менен ата баладай катташып журдук. Классташтарым айылда 10 жылдык уюштуруп мени да чакырышты. Барсамбы барбасамбы деп журсом 1 - мугалимим да келет экен ошол учун бардым. Акчага , мансапка карап мамиле кылгандар кыска эле убакыт деп ойлойм акча менен мансап кеткенче эле. Мени шандуу кутуп алышты. Мен бой которгонду , менменсингенди деле билбеймин додам кичи пейилдик менен сылыктыкка уйроткон эле. Эжекемди коруп апамды коргондой болдум. Тизелеп бутунан ооп , алып келген кымбат баалуу белегимди бердим. Мен аны кучактап , ал мени кучактап ыйлап жаттык. Тузунузду таттым эле ыраазы болунуз , нечендеген тамактарынызды жедим , эми менин кезегим кун келсениз да тун келсениз да эшигим ачык , балдарыныздын тойлорун отклруп берейин жакында ресторан ачканы турам ачылышка сизди да чакырам конок болуп кетиниз - дедим. Кагылайын мен кара тору балам , сени корунгондон сурап коем , журобу деп , арык бала элен мынтип зынкыйган , сулуучумак жигит болупсун , сага дайым намаздарымда бата кылдым - деди. Буюрса жакшылыктарын кайтарамын. Мектепте мени тээп , мазактаган балдарды, завуч эжекени коз алдымдан бир откоруп койдум. Доорду ошондо эле сургон окшойт. Оздоруно окшоп мыскылдагым келбеди. #Сабира Токтобаева #Токтосунова Махабат #аудиокитеп