Мая, Бек Борбиев - Сен белең

Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жылдыз учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман кечиктикпи биз бактыдан? Кайырма:

Смотрите также