Президент Садыр Жапаров “Дастан Сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров “Дастан Сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарынын 11-кичи районунда курулуп жаткан “Дастан Сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Комплекс 2660 батирге ылайыкталган 24 он жети кабаттуу үйлөрдөн турат. Мамлекеттик ипотекалык компания менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин алкагында ага жашоого толугу менен даяр абалда 500 батир берилет. Мамлекет башчысына курулуш көп жылдар бою кароосуз калган карьердин ордунда пайда болгон таштанды полигону жайгашкан жерде жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Бул жер тилке көптөн бери экологиялык көйгөй болуп келген жана аны тазалоо үчүн чоң аракеттер жасалган. Бул аймактан тонналаган таштанды чыгарылганы белгиленди. “Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору Кубанычбек Тулеев Президентке долбоорго турак үйлөр гана эмес, соода борбору, бизнес-борбор да кирерин, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралганын айтып берди. Ал ошондой эле жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн курула турган балдар жана спорт аянтчалары, анын ичинде чоң футбол аянтчасы жана теннис корту, 280 орундуу бала бакчалары (ар бири 140 орундуу 2 бала бакча) бар турак жай комплексинин долбоорун көрсөттү. Бүгүнкү күндө бир эле учурда 12 үй курулуп жатат, ал эми долбоордун аякташы 2028-жылга пландаштырылган. “Дастан Сити” долбоору - мурда кароосуз калган жана булганыч жерлерди жашоочуларга коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кыла алчу көрктөндүрүлгөн райондорго айландыруунун символу болмокчу. *********** Садыр Жапаров ознакомился с ходом строительства жилого комплекса «Дастан Сити» Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 10 октября, ознакомился с ходом строительства жилого комплекса «Дастан Сити», который возводится в 11-м микрорайоне г. Бишкек. Комплекс будет состоять из 24 семнадцатиэтажных домов, рассчитанных на 2660 квартир. В рамках инвестиционного соглашения с Государственной ипотечной компанией ей будет передано 500 квартир в полностью готовом для проживания состоянии. Главу государства проинформировали, что строительство ведется на месте, где на протяжении многих лет находилась стихийная свалка, возникшая на месте заброшенного карьера. Этот участок долгое время представлял собой экологическую проблему, и для его очистки были предприняты масштабные усилия. Отмечено, что с данной территории вывезены тонны мусора. Директор строительной компании ОсОО "Экспострой курулуш компаниясы" Кубанычбек Тулеев рассказал Президенту о том, что проект включает не только жилые дома, но и торговый центр, бизнес-центр, предусмотрены подземные парковки. Он также показал проект жилого комплекса, в котором для удобства жителей будут созданы детские и спортивные площадки, включая большое футбольное поле и теннисные корты, детские сады на 280 мест (2 детских сада по 140 мест). На сегодняшний день, одновременно, возводятся 12 домов, а завершение проекта намечено на 2028 год. Проект «Дастан Сити» становится символом того, как ранее заброшенные и загрязненные земли могут быть преобразованы в благоустроенные районы, способные обеспечить жителям безопасные и комфортные условия жизни.

Смотрите также