Түндөгү кырсык: 15 жаштагы бала унаа айдап чыгып, бирөө каза болду/ Күнөө кимде?

Быйыл 6-июнга караган түнү 15 жаштагы бала таекесинин "Мазда Демио" унаасын айдап чыгып Бишкектин Ак-Жар конушунда кырсыкка кабылган. Ичинде отурган Дайыр Уланбеков каза болуп, үч өспүрүм бала жана бир кыз жеңил жаракат алган. Күбөөлөр рулда отурган бала катуу айдап баратып башкара албай четтеги үйдүн тосмосун сүзүп, кайра капталы менен электр мамысына урулганын айтты. Бул кырсыктан мерт болгон Дайырдын апасы милиция ишти тергебей жатат деп нааразы болууда. "Барсак өз ара элдешип алгыла, мындай окуя бизде биринчи жолу болуп жатат, кандай берене менен карашты билбей жатабыз деп отурушат", — деди маркумдун апасы Мунаргүл Барктабас кызы. Ошондой эле ал унааны айдап чыккан баланын ата-энесине да чара көрүүнү талап кылууда. Алар кечирим сурап келгендин ордуна "кыркылыгың өткөрүп эмне кыласыңар, 2 кг. эт алып туугандарыңар куран окуп койгула" деп шылдыңдаганын билдирди.

Смотрите также