Тынаргүл Рыскулова - М - 04 - билем/ билгим келет/билдим

Сын ой жүгүртүү ыкмалары –интерактивдүү ыкма катары эсептелип, балдардын активдүү иштөөсүнө багытталат. Окуучу мугалимдин берген маалыматын өзүнүн мурунку билимине таянып сын көз караш менен электен өткөрүп, талдап, салыштырып, андан жыйынтык чыгарат. Сынчыл ойломдогу «билем/ билгим келет/ билдим» ыкмасы - маалымат менен иштөө стратегиясы, тема же проблема боюнча изилдөө өткөрүү. Бул ыкма графикалык түрдө берилип, жөнөкөйлүгү, балдарга жеткиликтүүлүгү, сабакты уюшулган турдө ирээттүү алып барууда абдан оңтойлуулугу менен айырмаланат. Аталган ыкманы автор «Манас таануу» сабагынын мисалында көрсөтүп берет.

Смотрите также