"Балам алып кетет" деп үмүттөнгөн карылар

Борбодук Телеканал бул жолу Бишкек шаарындагы “Үмүт үйү” аталышындагы улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды. Бул карылар үйүндө 98 кыргыз улутундагы ата-апалар бар. Алардын тагдырлары ар башка, кыялдары бир. Карыялардын көксөөлөрү балдарынын, неберелеринин сыйын көрүү айтпаса да ал жердеги карыялардын көзүнөн көрүнүп турат. Биздин телеканал карыялардын арманын угуп, кимдир бирөөгө сабак болуп, ата-энесин ардактап алса деген ой-тилек менен алардын арманын угуп кайтты.

Смотрите также