Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ырыскелди Сатыбалдиев - Ак тилек | Асылбек Насирдин Тегин | Чубак Сатаев | Улуттук филармония .
УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН, КАРАМОЛДО ОРОЗОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ. Улуттук Филармониянын Инстаграм баракчасы: / filarmoniia_kg Сөзү, Обону: Чубак Сатаев. Аткаруучу: Ырыскелди / yryskeld1_official Дирижер: Асылбек Насирдин Тегин Төлөн уулу / asylbek_nasirdintegin "Ак тилек" Эй, эй, адамдар, Каалаганым амандык. Тынчтык болуп өлкөмдө, Болбосо экен жамандык, Болбосо экен касчылык. Кайырма: Биздин заман - нур заман, Ушул заман - гүл заман. Ден соолугуң болбосо, Бул заманда эң жаман. Ой, ой, адамдар, Күлүп өмүр сүргүлө. Өмүр кургур бир келет, Жашоо баркын билгиле. Ой, ой, адамдар, Каалаганым ден соолук. Ден соолугуң болбосо, Калдың дей бер кор болуп. Биздин заман - нур заман, Ушул жыргал, гүл заман. Ынтымагың болбосо, Бул заманда эң жаман. Түндүк, түштүк болбойлу, Баарыбызга тең заман. Кымбаттуу угарман, бул каналыбызда сиздер сүйгөн ырларды оркестрдин коштоосунда аткарылган клиптерди жана концерттен алынган видеолор менен бөлүшүп турабыз. Сиздин колдооңуздар мындан ары дагы жаңы чыгармаларды иштеп чыкканга, чыгармачыл топко чоң дем-күч берет, ошондуктан жакшы пикир жазып, достор менен бөлүшүп колдоп коюшуңузду суранабыз! Ар бириңиздердин колдооңуздар үчүн ыраазычылык жамаатыбыз менен ыраазычылык айтабыз! #кыргызстан #жаныклип #ош #жаныырлар #бишкек #улуттукфилармония #жанылыктар #кыргызкызы #кыргыз #кыргызча #клип #чубак