3 томолой жетим балага жардам керек

Султаналиева Чынара эженин бир тууган сиңдисинин кыздар балдары томолой жетим калгандыктан акча каражат жагынан абдан кыйналып жаткандыгын жана төмөнкүлөрдү айтып токтолду: "Булар бир тууган сиңдимдин балдары, атасы мындан 4 жыл мурун оорудан каза болгон, апасы автокырсыктан каза болуп калды. 4 бир тууган, 2 эркек, 2 кыз. Бирөө 21 жаштагы улуу эркек бала өзүнчө бөлүнүп кеткен. Бул балдар мектеп курагындагы балдар. Азыр сабактар онлайн болуп жаткандыктан телефон жок абдан кыйналып жатабыз. Бир гана бул эмес документ жагынан абдан кыйналып жатабыз. Б.а., апасы тирүү кезинде Көлдө жашап жүрүшкөн, ошондо балдарга жөлөк пул чыгарткан, ал эми азыр акча ошол жакта жашаган жеңесинин наамына чыгып келет. Бул жактын соц,защита кызматына кайрылсак биз азыр жашап жаткан үй базадан чыкпайт, демек акчаны дагы бул дарек боюнча которо албайбыз деп канча убакыттан бери убара тартып келатам. Бирок бизге светтин, суунун, таштандынын акчасы ушул үйгө чыгып келип жатат. Ушинтип атып соцзащитадагы кыздар көңүл бурбай атышат. Бул биздин тиешелүү органдарга болгон бирден бир өтүнүчүбүз. Анткени мен мурун кафеде идиш жуучу болуп иштечүмүн балдардын акчасын котортом деп чуркап жүрүп иштен дагы айдалып кеттим. Азыр жолдошум эле иштейт. Үйүбүз салкын, тамагыбыз карандай нан менен эле чай. Жаш балдар болсо да тамак-ашына, кийим кечесине, жада калса шарт жок болгондуктан баняга барып жуунуп келгенине да ар бирине 100 сомдон кетет. Өзүмдүн 2 балам бар. Абдан кыйналып бүттүк. Ушул көйгөйүбүздү чечип бергендер болсо жакшы болот эле. Мен да булар татыктуу билим алышсын деп эле ойлоном, бирок шартыбыз артка тартып коюуда" - деп айтып берди. Чынара эже өзү үй-бүлөөсү менен квартирада турушат. #Берекелүу_жума_акция #Берекелүужума #Мутакалим #Кыргызстан #аялдар #жардам #садака

Смотрите также