“МУРДА МИЛИЦИЯ КҮНӨӨСҮЗ АДАМГА КЫЛМЫШТЫ ИЛСЕ, АЗЫР АНДАЙ ЭМЕС”

3-октябрь түнү Ак-Ордодо кандуу окуя болгондо ички иштер министри ыкчам топ менен жарым саатта жетип барган. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров фейсбук баракчасына жазды. Президент жарандар мындай чуулгандуу окуяларда сабырдуулукту карманып, эксперт болуудан алыс турушу керектигин айтты. “Коопсуз шаар” системасынын жардамы менен кылмышкерлер бат эле аныкталып, табылат. Бирок ички иштер министрлиги акыркы окуяда шектүүнүн ким экенин дароо тааныбай, элге кайрылган. “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Баткенден баштап Талас, Нарын шаарларына, базар, соода түйүндөрү, жолдорго чейин видеокамералар орнотулуп жатат. Бара-бара өлкө боюнча онлайн режимде карап олтурууга мүмкүн болот. Кечээ жакында Айсулууну мыкаачылык менен өлтүргөн зөөкүрдү да “Коопсуз өлкөнүн” камералары аркылуу кармадык. Бишкекте “Коопсуз шаардын” жардамы менен кылмышкерлерди 15-20 мүнөттө кармап алган учурлар бар, - деди президент.

Смотрите также