Анар терини жашартып, көп ооруга дабаа болот.

Анардын дээрлик бардык бөлүгү: кабыгы, чел кабыгы, дандары жана маңызы пайдалуу болуп саналат. Себеби, анын курамы организмге бул же тигил жактан жакшы жардам бере турган витаминдерге, минералдык заттарга, туздарга жана микроэлементтерге бай келет. Тагыраагы, анарда клетчатка, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кислоталары, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Булардын пайдасы тийиши үчүн адам аталган жемишти жаңы түрүндө, шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот.

Смотрите также