Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Досум Үсөн" элдик эстрадалык тобуна 50 жыл | Эркин-Тоо
Кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө салым кошкон “Досум Үсөн” элдик эстрадалык тобу ушул жылдын 1-мартында 50 жашка толду. 1971-жылы түптөлгөн “Кызыл гүл” тобунун курамы жалаң классташтардан түзүлүп, Юрий Бобков жетектеген. Иш десе ишке тойбой турган куракта көзү өткөн көркөм жетекчи Үсөн Казиевдин урматына «Досум Үсөн» эстрадалык тобу деп кайра аташат. Тоң районунун Ленин колхозунда “Комсомолдук жаштар курулуш бригадасын” түзүп, күндүзү курулушта, кечкисин маданият үйүндө эстрада ырларын ырдап үн жатыктырышчу. Жандуу үн менен чыгып, элдин алкоосуна татып, район эле эмес бүтүндөй Ысык-Көл облусунун ал тургай, республиканын сыймыгына татыган.