“Кыргызнефтегаз” ААК инвестициялык форумга чакырат!

“Кыргызнефтегаз” ААКу сизди 2025-жылдын 9-декабрында, Бишкек шаарындагы Хаят Ридженси мейманканасында өтө турган инвестициялык форумга чакырат! Бул инвестициялык форумга мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана чет элдик инвесторлор чогулуп, “Кыргызнефтегаз” ААК менен кызматташуу долбоорлору жана мүмкүнчүлүктөрү сунушталат. Программада "Кыргызнефтегаз" ААКнун төмөнкү багыттар боюнча ишмердүүлүгү жана инвестициялар боюнча презентациялар жасалат: 5 кен аянттарда чалгындык иштерди жүргүзүү; Иштелип жаткан мунай жана газ кендеринде 150 эксплуатациялык скважиналарды бургулоо; Иштелип жаткан кендерде 300 скважиналарда капиталдык оңдоо жумуштарын жасоо. Форумга катышуу аркылуу • “Кыргызнефтегаз” ААКнун инвестициялык долбоорлору менен таанышууга; • Потенциалдуу өнөктөштөр менен түз байланыш орнотууга; • “Кыргызнефтгаз” ААК менен кызматташуу боюнча меморандум түзүүгө мүнкүнчүлүк аласыз. Келгиле, Кыргызстандын энергетикалык келечегин бирге түзөлү! Сурап билүү үчүн байланыш телефондору: мобилдик 0708 88 38 80, кызматтык 03734 5-33-49 Электрондук дарек: kyrgyzneftegaz.all@gmail.com Башкы кеңсенин дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү 44. Өкүлчүлүктүн дареги: Бишкек ш., Юдахин көч. 64

Смотрите также