Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
АЛЫМБЕК ДАТКАГА ТАТЫКТУУ ТАРЫХЫЙ БАА БЕРҮҮ ВАЗИЙПАСЫ
Алымбек Датка Асан бий уулунун 225 жылдыгы 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жана башка жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда Алай жергесинде белгиленгени турат. Кокон хандыгындагы Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, хандыктагы парваначы наамын (генералга тете) кыргыздардын ичинен эң биринчи алган адам. Ошондой эле Алымбек 1831 ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн. Отуз эки жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Ош ордосунда таасирдүү рол ойногон. 1842-жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген. Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес. Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган. Отуз жылдык (1831-1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).