Президент Садыр Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттү. Жарлыкка ылайык курултай буга чейин белгиленгендей 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт; “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын беш кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Алар адмадардан 3000 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан; Бишкектеги абанын булганышынын дээрлик 46%ы транспорт каражаттарынын кесепеттеринен келип чыгат. Анын себебин адистер эски унаалар, сапатсыз күйүүчү май жана жол кыймылын натыйжасыз башкаруудан деп түшүндүрүүдө; КЫРГЫЗСТАНДА 1 ЖАШТАН 6 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН КАНЫНДАГЫ КОРГОШУНДУН ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ. Изилдөөлөргө ылайык, коргошун өзгөчө жаш балдардын ден соолугуна өтө кооптуу; Манас шаарында электр чубалгыларын алмаштыруу иштери жүрүп, кышка даярдык көрүлүүдө. Бул иштер убактылуу жарыкты өчүрүүгө себеп болууда. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники
https://ok.ru/region.kyrgyzstan REGION TV @ Телеграм