Обончу Калмурат Рыскуловду бирге окуган группалаштары эскеришет…

Көрүүчүм! Алгач колдоо катары каналга катталып коюну унутпаңыз. Мен сиз кызыккан адамдар менен жолугуштурууну убада кылам. Обончу Калмурат Рыскулов менен жалындаган студенттик жылдарда тааныштым. Таанышпай эмне, бир группада окудук. Анча ачылып көп сүйлөбөгөн, түнт жигиттей көрүнчү мага анда. Калмураттын жан-дүйнөсү жумшак, баладай байоо, анан айыкпаган жарааты бардай сезилчү. Ошол 1-курста эле колуна комуз алып, муңдуу обон созчу... Мен үйдө жашап, сабакка келип-кеткеним эле болбосо, жатаканын шандуу жашоосуна, группалаштарымдын ыр-күлкү,таң-тамашасына көп аралаша албай калдым. Жылдар өтүп, Калмурат чоң обончу, аткаруучу болду. Бирок, мен аны убагында аңдап түшүнө албай калдым... Жанчылган жан-дүйнөсүн тыңшап, колумду сунуп жардам бере албадым... Калмурат аны айтат беле, айтпайт беле... Студенттик алтын куракты бирге баштаган , бир группада окуган Калмурат арабыздан кеткенине 20 жыл болуптур... Быйыл сен 50 жашка чыкмаксың... Бир топ аралык. Отузуңда ойрон болгон Калмурат, биз сени группалаштар чогулган жерде дайым эстейбиз, кыял жоруктарыңды айтып күлөбүз, кайра аттиң ай деп өкүтүбүздү айтабыз... Группалаштар сени эстешти... Айтмакчы, 9-декабрда Кыргыз улуттук драма театрында обончу Калмурат Рыскуловду эскерүү иш чарасы өтөт... КАНАЛДЫ КОЛДОО МАКСАТЫНДА ЖАЗЫЛЫП КОЮҢУЗ! КалмуратРыскулов#МайрашБазлакунова

Смотрите также