Чыңгыз Айтматов. Жамиля

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестин окудум. Жамийла - Чыңгыз Айтматовдун биринчи көлөмдүү повести (1958). Повестте Данияр м-н Жамийланын махабаты боз улан бала Сейиттин айтуусунда берилет. Айтматов "Жамийляны" Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы адабият институтунда жүргөн кезинде, Тверь саябанындагы батиринде жашаган кезде ак кагазга түшүргөн. Повесттин адегендеги аты “Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат менен жарык көргөн. Орус тилинде “Новый мир” журналына (1958, № 8) “#Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон. Чыгармадагы окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар “кара сөздөгү поэзия же прозадагы ыр” деп да атап жүрүшөт. Чындыгында да чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы: Жамийла м-н Даниярды табыштырган махабат; ошондой эле турмушка, элге, жерге, жашоого болгон чексиз сүйүү м-н адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүүнү, умтулууну бириктирген адамдык бакыбат зор сүйүүнүн Жамийладагы личносттук “мендин” патриархалдык салт-санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй-бүлө түшүнүгүнө кайчы келиши сыяктуу маселелер м-н тыгыз биримдикте каралат. Автордун өз чыгармасын адегенде «Обон» деп аташы бекеринен эмес, анткени обон повесттин бүткүл сюжеттик-композициялык курулушунда чоң роль ойноп, анын негизги идеялык-көркөмдүк табиятын аныктап турат. Повесть жарык көргөндөн бери, өзгөчө өзүбүздүн улуттук адабий чөйрөбүздө Жамийланын Садыктан кетишине байланыштуу талаш пикирлер айтылып келет. Повесттин образдар системасын талдоодо «Садык Жамийланы сүйөт эле болчу, ал катты өз учурундагы эреже-жосундарга ылайык жазат, Жамийланын аны чанып, башкага кетүүсүнүн эч жүйөөсү жок, жеңил ойлуулук» деген пикирлер көп айтылды. Бул жерде кеп Садыкта эмес, Жамийлада, аны Даниярга жолуктурган тагдырда. Эгер көпчүлүктөн кескин айырмаланган мүнөзү, романтикалуу жандүйнөсү, августтун ажайып түндөрүндөгү керемет обондору м-н Данияр келбесе, Жамийла Садыкты күтүп, бара-бара чоң, кичине үйдү башкарган нарктуу кайнененин ордун басмак. Бирок көңүлгө канат байлап, мазмундуу жашоого умтулткан, күчтүү толкун болуп каптап келген сүйүүсүнөн баш тартып, ар кандай чектөөлөргө, адат-салтка баш ийип жашоо Жамийла сыяктуу күчтүү, бакыбат натурадагы аялга туура келмек эмес. Ошол себептүү ал акыры «эски шинели м-н тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтемеси жок» Даниярды «башын бийик көтөрүп, кылчайбай» ээрчип кетет. Кийин сүрөтчү болгон Сейит да өмүр тарыхына жылуу из калтырган балалык учурга көп убакыт өткөндөн кийин кайрылып, андагы өзү күбө болгон сүйүү баянынын тазалыгына эч шек кылбай окурмандарга эскерип айтып берет. «Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!» деген художник-баяндоочу Сейиттин сөзү м-н повесть аяктайт. Повесттен, ошондой эле автордун сюжет куруу, сөз м-н иштөө чеберчилигинин өзүнчөлүгүн көрүүгө болот. Андагы портреттик, пейзаждык сүрөттөөлөр, көркөм сөз каражаттарынын ар бири чыгарманын идеялык-көркөмдүк системасында белгилүү бир маанилүү милдет аткарып, поэтикалык ойдун өсүш ыраатын шарттап турат. Текст Википедиядан алынды:

Смотрите также