Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅ Ош шаарынын мэриясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
📆Ош шаары, 5-ноябрь ✅ Ош шаарынын мэриясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө 🔹Ош шаарынын мэриясы жана Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имарат жаңыланууда. Аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына толугу менен өткөрүлдү. 🔹Учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Иштин алгачкы этабында имараттын сырткы фасады жаңыланып, чатырлары толугу менен алмаштырылат. 🔹Бул имарат курулгандан бери 70 жылга жакын убакыт өтсө да, буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. _________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия