МАХАБАТ СЫРЫ - КЛАРА ОРОЛБЕКОВА (COVER-2025)

КЛАРА ОРОЛБЕКОВА - "МАХАБАТ СЫРЫ" Автор: СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ Жай өтүп, күз мезгил келип, Жай барат мезгилиң желип. Айта албайм ашыктыгымды, Алтыным, койсоңчу сезип. Жамиля, жаным Жамиля деп, Ырчыны айтып бузбайын. Данияр болуп кааласаң, Домбра чертип ырдайын. Бото көз булак болоюн, Утурлап жолуң тороюн. Булбул куш болуп сен үчүн, Багыңа барып коноюн. Аселим, Асел, Асел деп, Түнү бою ырдап сайрайын. Айдоочу Ильяз мен болуп, Долонду ашып барайын. Жүзүңдү тик карай албай, Жүдөдүм сага бара албай. Жүрөгүм ооруп турат го, Жүз аарчы белек ала албай. Мырзагүл, Мырзагүлүм деп, Султаның сенин болоюн. Эрте жазда турналар келсе, Эркем деп обон созоюн. Бетме-бет сага барайын, Берилип сүйүп карайын. Гүл терип сага таң заардан, Гүлсары минип барайын. Кылымды карытар бир күн, Ак жаанда калдым сен үчүн. Махабат дастанын жаздым, Сага деп ырдап күнү-түн. Сен үчүн алма бактан мен, Кыпкызыл алма үзөйүн. Ысык-Көл болуп чалкысаң, Ак кеме болуп сүзөйүн. _______________________________________ Соц. тармактар: Instagram: @klara.orolbekova Telegram: @klara orolbekova TikTok: @klara orolbekova Аранжировка: НУРМАТ МИРЗАТОВ Сведение/мастеринг: НУРМАТ МИРЗАТОВ ________________________________________ Бул ырды жараткан командага чоң ыраазычылык! Эгер ыр жакса — лайк басып, комментарий калтырып, каналга жазылууну унутпа! #kyrgyzmusic ⸻ #klaraorolbekova #music #махабатсыры #syimykbeishekeev #ЖаныЫр2025 #KyrgyzMusic #NewSong2025 #Кыргызстан #music #cover #клараоролбекова #live #сыймыкбейшекеев #эскиырлар #хит #klara #orolbekova

Смотрите также