Калыс-Ордо конушунун тургуну Гүлжан 3 баласы менен батирде жашайт. Жакында эле 4-баласы боюнда 8 айлык кездинде чарчап калган. Калыс-Ордо конушунун квартал башчысынын айтымына караганда аял жеткиликтүү тамак аштын жоктугунан, кедейчиликтин, жумушсуздуктун айынан ушундай абалга кабылган. Гүлжандын жолдошунун туруктуу жумуш орду жок, жөлөкпул алайын десе мамлекет тарабынан ар кандай шылтоолор айтылып берилбей жатат. Бул кырдаалдан кантип чыгаарын билбеген эне, айла жок бизге маек курууга макул болду... Гүлжандын үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефону: 0704 296 729