Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Забур 5 1.2Теңир, сөздөрүмдү ук, ойлорумду түшүн. 3Муң-зарыма кулак сал, Падышам менин, Кудайым менин! Анткени мен Сага сыйынып жатам. 4Теңирим! Таң заардан үнүмдү ук, алдыңа эрте келип күтүп турам. 5Анткени Сен мыйзамсыздыкты сүйбөгөн Кудайсың. Жамандык кылган адам Сенин алдыңда тура албайт. 6Кудайсыздар көз алдыңда тура алышпайт: мыйзамсыз иш кылгандын бардыгын Сен жек көрөсүң. 7Жалган айткандарды Сен ойрон кыласың. Канкор менен калпычыдан Теңир жийиркенет. 8Мен болсо Сенин улуу ырайымың менен Сенин үйүңө кирем, Сенин ыйык ийбадатканаңды карап, Сенден коркуу менен таазим кылам. 9Теңир! Душмандарым үчүн мени чындык жолуңа сал, менин алдымдагы Өзүңдүн жолуңду түздө. 10Анткени алардын оозунда чындык жок: алардын жүрөгү – бүлгүн, кекиртеги – ачык мүрзө, тилдери менен жасакерленишет. 11Кудай, аларды жазала, алар өздөрүнүн арам оюнан апат болушсун. Аларды көп мыйзамсыз иштери үчүн четке как, анткени алар Сага баш ийишкен жок. 12Сага таянгандардын бардыгы кубанычка бөлөнүп, түбөлүккө шаттанышат, Сен аларды коргойсуң. Сенин ысымыңды сүйгөндөр Сени менен мактанышат. 13Анткени Сен, Теңир, адил адамга батаңды бересиң, аны Өзүңдүн ырайымың менен калкан сымал калкалайсың.