Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы кармалды. Атайын кызмат билдиргендей, айыл аймак башчысы Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл аймактын жооптуу катчысы жана Үч-Коргон айыл аймагынын башчысынын айдоочусу менен кылмыштуу келишимге барышып, айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, жеке адамдарга турак-жай куруу үчүн тиешелүү укук жана уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдашкан. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook - / utrkkg Youtube (УТРК) -
https://www.youtube.com/@UTRKkgchanne... Instagram -
https://www.instagram.com/utrk_live/?... Телеграм -