Сырдуу учак | Болот Назаров

Голстрим эки жүз сексен деген, Вип учак келип кетти чет жергеден. Кырк сегиз миң долларга жалдашкан дейт, Уяласың баасын да текшергенден. Кырк сегиз миң долларга үч үй салам, Кысылбай өмүр сүрмөк он беш адам. Сыртагы жемкорлордон болбосо эле, Самалот айдата алат кайсы жаран? Төрт бөлмөлүү эки үйдү төрт күндө эле, Төгүп берип таштаган учагына. Ким келип кетти экен байкатпастан, Байоо мүнөз элимдин кучагына. Латвиадан баш паанек алган эмдиги, Элисейдин тукуму Алексейим келдиби. Элден алган акчасын казынага бердиби, Элге кайтса жегичтер эртеңиңе белгиби?...

Смотрите также