Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жаш жоокерлердин ант берүү салтанаты болуп өттү
2020 - жылдын 5-декабрь күнү жаш жоокерлер үчүн өмүрүндөгү салтанаттуу иш-чаранын биринчиси болуп, Ата-Мекенине ант берүү аземи болуп өттү. Аталган иш-чара Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Садовое айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда өткөрүлдү. Жаш жоокерлерди куттуктап, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов аларга жылуу калоо-тилектерин айтып өттү. "Жаш жоокерлер кызмат өтөп жатып, куткаруучулардын иш-аракеттерин өздөштүрүшөт. Борбордо аларды атайын программанын негизинде ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү, издеп-куткаруу иш-аракеттери үйрөтүлөт. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору жыл сайын бир топ адистерди даярдап келген"- деди министрдин орун басары. Мындан тышкары Калыс Ахматов жаш жоокерлердин аскердик кызмат өтөөсү ийгиликтүү болуп, ден- соолуктары чың болушун каалап өттү. КР ӨКМдин Басма сөз кызматы