СОП: Тери ичине жасалуучу инъекция

📹Сиздин көңүлүңүзгө стандарттуу иштөө процедуралары боюнча бир катар видеотасмаларды сунуштайбыз. 💉Төртүнчү видео тери ичине жасалуучу инъекция жөнүндө. ❓Бул эмне? 💉Тери ичине жасалуучу инъекция – бул үстүртөдөн жасалуучу инъекция болуп саналат. Себеби, дары каражатын киргизүү түздөн-түз теринин ортоңку кыртышына, тагыраак айтканда эпидермис алдындагы дерьмага жасалат. Тери ички инъекция сыйымдуулугу 1-2 мл шприц менен жасалат, ийненин узундугу – 30-40 мм. 0,1 ден 1 мл чейинки суюктукту тери ичине куюу. Максаты: диагностикалык (туберкулиндик үлгү, ар кыл заттарга карата аллергияны аныктоо), профилактикалык, ошондой эле бөлүктүк ооруксуздандыруу. Каршы көрсөтмөлөр. Дарыгер тарабынан аныкталат. Инъекция жасалган жерде сезгентүүчү жана/же дегенеративдик процесстер (ириң ордулары, жарачалар, күйүтөр ж.б.) болбоого тийиш. Куюлуучу орду: билектин ички бетинин ортоңку бөлүгү, ийиндин сырткы бети. 🙌🏻Бул видеолор сизге жардам берсе, биз кубанычтабыз жана ошондой эле мындай видео сын-пикирлер үй-бүлөлүк медицинанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн түшүнгүсү келгендер үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз. #merproject #kyrgyzstan #медайым

Смотрите также