Өндүрүштүн эффективдүүлүгүн кайдан издөөгө болот? | Тикме Маек | 4-чыгарылыш

Сиздин фабрикаңыз канча жоготууда? Tikme Maekте бул жолу өндүрүштөгү эң негизги суроолорго жооп издедик: Конвейер системасын кантип киргизүү керек? Кандай жабдуулар өндүрүштү тездетет, кайсы учурда кымбатын тандаганы оң? Автоматташтыруу эмне үчүн көпчүлүк фабрикаларда токтоп калат? Хронометраж деген эмне жана ал өндүрүштөгү жоготууларды кантип азайтат? Эсепсиз иштеген цех канча акча жоготот? Биз практикалык кейстерге, реалдуу эсептөөлөргө жана кыйынчылыктар менен ийгиликтерге токтолобуз. Спикерлер: Сүймөнкул Жолдубаев -«Кул Брос» компаниясынын негиздөөчүсү, Tikme коомчулугунун лидери Азамат Кожогулов -«Базико Стайл» компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Марат Султанов - «Кул Брос» компаниясынын жетекчиси Айпери Болотова - «Кул Групп» аткаруучу жетекчиси Бул чыгарылыш — өндүрүштү эффективдүү кылууну каалаган жетекчилер үчүн! _____________________ Тикме - тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн жамаат. Бизге кошулуңуз — келечек бул жерде тигилет: https://www.instagram.com/tikme.kg?ig...
______________________ Таймкоддор: 00:00 Анонс 1:22 Тааныштыруу 2:59 Автоматташтыруу цехтин натыйжалуулугун 100%-га көбөйттүү 7:48 Автоматташтыруу канча турат? 9:36 Автоматташтыруунун акталышын эсептөө 13:19 Toolor 13:55 Хронометраждын эсеби 16:25 1 күндүк норма, 1 секунданын баасы 20:14 Конвейер системасынын туура коюу 24:45 Конвейер менен сапат чыгаруу 29:08 Өнүгүүгө конвейер керек 33:24 Технологдун конвейер системасындагы ролу 38:37 Эмнеге биз конвейер системага өтө албай жатабыз? 48:53 Кандай сапаттагы автоматташтырылган жабдуу керек? 54:54 Автоматташтырылган жабдуулар кандай цехтерге керек? 57:04 Автоматташтырылган жабдуулардын пайдасы 58:55 Фабрикага санариптешүү киргизүү 1:01:35 Санариптешүүдөгү үнөмдөөлөр 1:03:32 Toolor 1:04:07 Катышуучунун суроосу: Кыргыз швеяларды кантип конвейерди түшүндүрүү керек? 1:12:18 Катышуучунун суроосу: Технолог, жардамчылар баасына киреби? 1:15:20 Катышуучунун суроосу: Хронометражды эсептөө формуласы барбы? 1:16:08 Катышуучунун суроосу: Иштетүүгө берилген чийки зат менен иштөө оңбу же “под ключ”? 1:17:18 Катышуучунун суроосу: Цехке дагы кошумча жумушчуларды алганда, баа өсүп кетет, заказчиктерге кантип бааны көтөрөбүз? 1:21:28 Саламдашуу, Tikme бирикмесине кошулуңуз - өнүгүңүз! #автоматизация #швея #podcast #конвеер #подкаст #кыргызстан #швейныйбизнес #бизнес #тикме

Смотрите также