Ормон жана Боромбайдын жаңжалы — сырткы күчтөрдүн айла-амалыбы?

Мурунку Анварбек Мокеев жана Тынчтыкбек Чоротегин агайлар менен маектерибиз катталуучуларыбыздын арасында чоң кызыгуу жана талкуу жараткан. Бул жолу биз Х–ХІХ кылымдардагы кыргыздардын этникалык тарыхы, уламыштар жана санжыра боюнча адис — Рыскул Жолдошев агай менен маек курдук. Агай кыргыздардын этностук калыптанышы, тарых илиминдеги көйгөйлүү маселелер, колониализм, расмий эс тутум ж.б. боюнча ойлорун ортого салды. 🎧 Жагымдуу көрүү каалайбыз! Видеого лайк басып, пикир калтырып, каналыбызга жазылып, досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Алдыда силерди дагы да кызыктуу чыгарылыштар күтүп турат! 📌 Баракчаларыбызга катталыңыз: ► Web-site
► Instagram   / esimdekg   ► Facebook   / esimdekg   ► X
► Threads
► Tiktok   / esimdekg   *** 0:00 Тизер 0:48 Интро 1:00 Бүгүнкү коногубуз жана темабыз 1:26 Кыргыз тарыхынын эң негизги көйгөйлөрү кайсылар? 6:50 Этностун калыптануу теориясы тууралуу 10:35 Эмнеге «таза этнос» болушу мүмкүн эмес? 20:48 Байыркы кыргыздардын эң алгачкы мекени — Чыгыш Тянь-Шань беле? 27:02 Улуу Кыргыз дөөлөтү мезгилинде кыргыздар Каңгайга көчүп келишкенби? 40:01 Кыргыздардын этногенези: «оң канат» жана «сол канат» жөнүндө 44:58 Енисей кыргыздарыныкына окшош маданият кайсы беш аймактан табылган? 46:36 Кыргыздардын этностук сакталып калышында Исламдын орду кандай? 51:34 Эмнеге кыргыздарды Теңир-Тоонун автохтондуу эли катары көрсөткүлөрү келген? 56:36 Кыргыздардын этногенези: «ичкилик» жөнүндө 1:00:08 Эмнеге Бартольд Кыргыз кагандыгын «улуу» деп атаган? 1:05:11 Теңир-Тоо жана Енисей кыргыздарынын байланышы: уламыштан жана санжырадан далилдер 1:09:02 «Кыргыздар Орусияга ыктыярдуу кошулган» деген калппы? 1:12:36 Эмне үчүн Орусиядан башка өлкөлөргө элчиликке баргандар тарыхта айтылбайт? 1:15:13 Түркстанды каратуу үчүн колонизаторлор кандай ыкмаларды колдонушкан? 1:20:04 Ормон жана Боромбайдын жаңжалы — сырткы күчтөрдүн айла-амалыбы? 1:25:41 Колонизаторлордун «бөлүп башкар» саясаты: казак тарыхындагы мисал 1:28:54 Орус-тузем мектептеринин чыныгы максаты эмне болгон? 1:29:50 Жадиддерди «колонизаторлордун агенттери» деп айтууга болобу? 1:31:45 Бүгүнкү мамлекеттик идеология жана расмий эс тутум кандай? 1:37:50 Эмнеге Кыргызстанда XIX к. баатырларына арналган эстеликтер өтө көп? 1:40:18 Аягы *** Алып барган: Гүлзат Алагөз Тарткан жана монтаждаган:
Музыкасы: Veccen — Эсимде Анимациясы: Тамчы Тасма #эсимде #кыргыздар #Кыргызстан

Смотрите также