Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргызга жээн болгон Кудаяр хандын Кокондогу ордосу
Өзбекстандын Кокон шаарындагы Кудаяр хандын ордосу азыр да сакталуу. Ордо 1863-жылы Кудаяр хан тарабынан курула баштап, 1873-жылы аяктаган. Курулуш иштеринин 3 жылы сарайды кооздогонго кеткен. Кокондун аймагы нымдуу келгендиктен хан ордосун нымдан сактоо үчүн жерден 4 метр бийиктикке көтөрүп курдурулган. Азыркы учурда 3 бөлүктөн курулган хан ордонун 2 бөлүгү талкаланып, 1 бөлүгү сакталып калган. Кудаяр хандын апасы Жаркынайым кыргыздын кызы болгон.