Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Комсомол айылы 1987- жылкы жигиттердин кайрымдуулук иши
Токтогул шаары, Кара-Тектир айылы, №7 Манас мектеби 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык кездешүүсү Биздин сүйүктүү мектептин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык мааракесин белгилөө үчүн чогулдук. Бул жылдар аралыгында ар бирибиздин жашообузда көптөгөн окуялар болуп өттү, бирок мектептеги достук жана биримдик дайыма жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып калат. Бул маанилүү иш-чарага 1987-жылкы бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кайрымдуулук жардамы менен там салууга чоң колдоо көрсөтүшүп, биздин кубанычыбызды эки эсе кылышты. Алардын бул жардамы — кайрымдуулук жана достук маданиятынын мыкты үлгүсү болуп, бизди дагы биригүүгө жана бир-бирибизге колдоо көрсөтүүгө шыктандырат. Бардыгыңыздарга, өзгөчө 1987-жылкы бүтүрүүчүлөргө, чын жүрөктөн чоң ыраазычылык айтабыз! Сиздердин колдооңуздар менен биздин эскерүүлөр дагы да кереметтүү, жылуу жана маңыздуу болду. Мектебибиздин, айылыбыздын келечеги үчүн бирдикте иштеп, жаңы ийгиликтерге жетүүгө тилектешпиз . . . Bakytbekov studio