Эки дос | Болот Назаров

Эмиии... Ыйманы түзүк жылуу эл Ый муңу арбын улуу эл Томкорулган мөңгүсү Тоону кандай кылабыз? Жоголбогон вирус экен Жоону кандай кылабыз? Тажиктерге тарттыртчу Доону кандай кылабыз? Цианид төккөн чоң тосмо Жарылганы калыптыр Ууну кандай кылабыз? Токтогул суу сактагыч Түбүн чычкан тешиптир Сууну кандай кылабыз? Кетип аткан чет жакка Кенди кандай кылабыз? Жең ичинен сатылган Жерди кандай кылабыз?

Смотрите также