Жаңылыктар | 28.10.2024 | “Оберон” базарлары мэрияга өттү, Грузияда шайлоо жыйынтыгы талаш жаратты

Бишкек мэриясы “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” ишканасына таандык 8 гектар жер аянты сот чечими менен мамлекетке өткөнүн билдирди. Аталган базардагы айрым соодагерлер базардын тагдырына тынчсызданып жатышат. Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо 54% добуш алды. Грузин оппозициясы "добуштар уурдалганын" билдирип, нааразылык акцияларын баштай турганын жарыялады. Орусиянын Липецк облусундагы колонияда кармалып турган алты борборазиялык качып, бешөө кармалды. Абактагылар бир нече ай бою өздөрү жер алдынан казган тоннель аркылуу качканы маалымдалды. 0:00 Анонс: 1:09 Мэрия “Оберон” базарлары шаар бийлигине өткөнүн билдирди 7:00 Гимнди өзгөртүү демилгеси талкуу жаратты 11:10 Грузин президенти шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты 15:08 Түндүк Кореянын аскерлери Курск облусуна жеткени анык экенин НАТО тастыктады 16:32 Орусиянын Липецк облусундагы колониядан качкан алтынчы адам изделип жатат 18:17 Төө-Ашуу ашуусунан оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду 19:39 Кырнет #бүгүназаттык #грузия #бишкек #жанылыктар _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также