3.11.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Президент Садыр Жапаров Египетке барат. Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат; БИШКЕКТЕ "СЕЙТЕК СТЕМ" ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕБИНДЕ БАЛДАР МАССАЛЫК ТҮРДӨ ТАМАККА УУЛАНДЫ. УУЛАНГАНДАРДЫН САНЫ 84КӨ ЖЕТТИ; “ВЕТКА” АЙЫЛ ЧАРБА БИРИКМЕСИНИН АЙРЫМ ЖЕРЛЕРИ МЫЗАМСЫЗ САТЫЛГАНБЫ? Үлүшчүлөр 2018-жылдан бери укук коргоо органдарына кайрылып, жыйынтык таппай келет. Эми алар президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышууда; Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилди. Бул мезгилде 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин тушүрүлөт; Манас шаарында жылуулукка болгон тариф 24 пайызга жогорулады. Өткөн жылы калк үчүн жылуулуктун баасы 1560 сом болсо, 2025-жылдан тартып бул сумма 1950 сом болуп белгиленди. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также