"АЙ БАРАТАТ" Сөзү. Абдылда Белеков. Обону. Нуркан Турсунбаев. Таттыбүбү Турсунбаева аткарат.

Ак булутту аралап ай баратат,ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баракат. Ата албайсың ак кууну оңой менен, Жете албайсың айга да жел ой менен. Жеткенчекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче, арман жакшы. Жетем десең сулуу ай жетээр элем, Көк деңизин булуттун кечээр элем. Сүзө бергин алтын ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы көрүнсө булуттуу көк Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.

Смотрите также