КГБ архивинин саясий сырлары | АРАЙ КӨЗ ЧАРАЙ

Жакында Жогорку Кеңеште 1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты КГБнын архивиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу менен кыргыз тарыхынын актай барактарын толуктап, ак жеринен атылып кеткендерди, жазыксыз камалгандарды дагы бир ирет эскерип, келечекке сабак алуу болуп эсептелет. Студиябыздагы талкууга Президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу, Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов катышууда. Телефондон болсо “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов суроолорубузга жооп бермекчи. #репрессия #кгб #арайкөзчарай ______________________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также