Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
🔶Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таңкы рейддик кыдыруусун саат 06:30дан баштап Касымбеков көчөсүн кеңейтүү жана капиталдык оңдоп түзөө иштеринин жүрүшүн көрүү менен баштады. 🔶 Мында жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон курулуштарды жылдыруу менен алты тилкелүү, веложолу, тротуару, ирригациялык лотоктору, жашыл аймагы менен кошо эл аралык талапка жооп берген жолду куруу зарылдыгын белгиледи. 🔶 Ошондой эле жолдун курулушун белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. _____________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия