CASA-1000дин чубалгысы үй-бүлөмдү кооптуу абалга кептеди/ Баткендик аял президентке кайрылды

Бурпуя Жаркынованын үй-бүлөсү үч жылдан бери санаа тартып, чоңдордун эшигин каккылашууда. Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн келген аял президентке үнүм жетсе деп Бишкекте эки айдан бери жүрөт. Анткени CASA-1000 долбоорунун жогорку чыңалуудагы 500 киловольттук чубалгылары Жаркыновдордун үйүнүн жанынан тартылган. Анын түбүндө жашоо өтө кооптуу жана оорунун беш-алты түрүнө чалдыгат экен. “Макул, мамлекетке керек долбоорго тоскоол болбой көчүп кетели” дешсе компенсация төлөбөй жатышыптыр. Себеби кызыл линия 30 метр аралыкта белгиленет экен, алардын үйү 31 метр ары жакта деп эсептелиптир. Бирок сарайы менен үлүш жери кызыл линияга кирген. Ошондо бул үй-бүлө сарайына барбай, эгин экпей саргайып эле үйүндө отура бериш керекпи? Логика кайда? Айласы кеткенде минтип президент Садыр Жапаровго кайрылып жатышат. Ушундай ири долбоорду ишке ашырууда бир карапайым үй-бүлөнү мукуратканы өкүнүчтүү...

Смотрите также