12.11.2024 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Садыр Жапаров Бакуда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча 29-конференциясына катышууда. Конференцияга 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери келген; Таластагы “Э. Кутманалиев” атындагы стадион жаңыланат. Бүгүн, Кыргыз Футбол Биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев стадиондун абалы менен жеринен таанышып, тапшырмаларды берип кайтты; УКМКнын Талас шаарындагы “Мекен” бала-бакчасы жеткинчектер үчүн эшигин ачты. Азыркы тапта 3 жаштан 6 жашка чейин жалпы 70тен ашуун бала тарбияланууда; Чүйдүн тургундары Бишкекке жакын шаар, айылдарга каттаган маршруткалардын ордо калаага кирбей, элди "талаага" таштап коюп жатканына нааразы болуп жатышса, Бишкектиктер троллейбустардын жүрбөй жатканына капа; Суу талаштан кийин каза болду делген Шухратбек Гафуровдун туугандары акыйкаттык издейт. Бир адис эки башка бүтүм чыгарып өлгөн адамдын жакындарынын күмөнүн жараткан. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также