Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Улуу Ата Мекендик Согушка Ак-Талаа районунан 2054 аскер жөнөтүлүп, алардын ичинен 617си бүгүнкү тынчтык жашоо, бакубат турмуш үчүн кырчындай өмүрлөрүн беришип согуштан кайтпай калышса, дагы 166сы дайынсыз жок болушкан. 1274тү душман менен жан аябай кармашып, Улуу жеңиш менен мекенибизге кайтып келишкен. Биз көрүп жаткан 1990-жылдагы парадда согуштун 159 ардагери майрамдык аземге күбө болуп турган мезгили эле! Баарыбыз күбө болгондой, алардын көкүрөгүндөгү толгон орден-медальдары согушта көрсөткөн кайратман эрдиктеринин далили экени талашсыз. Бул майрамда Абдрахманов Алпамыш, Жусубалиев Алсейит, Карагулов Жумагул, Акунов Кадаңалы, Бердикеев Султанбек, Асанбеков Байсогур, Мурсалиев Көчөр аталарыбызды атай кетсек болот.