"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" Нуркабыл Мамбетакуновдун жаркын элесине арналат.

Байсалдуу турмушу баскан изи, өрнөктүү өмүрү, жаратман эмгеги менен эл агартууга ак дилинен берилип иштеп, өз кесибин жан-дүйнөсү менен сүйүп, мыкты жетекчи катары таанылып аз жашап , , эбегейсиз эмгектерди жасап, арабыздан өтүп кеткен ардактуу агайыбыз Нуркабыл Мамбетакуновдун бейнесине арналат. Атанын уулу болуу урмат, элдин уулу болуу кымбат дейт даанышман кыргыз эли. Абалтан ушул сөзгө уюп өскөн ар бир кыргыз уулунун элиме эмгек арнасам деген арзуу тилек максаты болсо керек. Оболу ошондой инсандардын катарында атуулдук ар-намысы бийик, Нуркабыл Мамбетакунов экенин танбасак керек. Мамбетакунов Нуркабыл Токтомамбетович Алыскы Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында 1957-жылы 23-апрелде жарык дүйнөгө келген. Ошол эле айылдан билим босогосун аттап 1-май орто мектебине кирип , 1975 жылы бүтүргөн. Мектепти аяктаган соң, Алгачкы эмгек жолун 1975-1977-жылдар аралыгында 1-май колхоздордорунда жардамчы чабан болуп баштаган. Арийне, Балалыктын баё кыялдары жогорку билим алсам деген эңсөө тилектерине жеткирди. 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика факультетине кирип 1982-жылы ийгиликтүү аяктап чыккан. Окуу жылдарында омоктуу ойлору, таалим тарбиясы, кеп-кеңеши менен улуу кесипке умтулткан устаты физика илимдеринин кандидаты Абдисалим Чылымов болду. Мугалимдик ардактуу кесипти аркалоо жолу, 1982-жылы өзү окуган мектептен башталды. Жаратман жаш мугалимдин жаңыча демилгелери ошол кездеги окуучуларга жаңыча дем берип турду. Нуркабыл агай ишиндеги жетишкендиктери, тынымсыз аракеттери, ар дайым изденүүсү ийгиликке карай сүрөдү. Атап айтканда 1989-1995-жылдар аралыгында мектепте тарбия иштери боюнча орун басар, 1995-жылдан 2003-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы, 2003-жылдан 2014-жылга чейин мектептин директорлук кызматын аркалады. Нуркабыл агай мектептин ишин жылдырууда, зор аракетин, күчүн жумшап, натыйжасында мекеме ири ийгиликтерге жетишти, көптөгөн бей өкмөт уюмдар, демөөрчүлөр менен иштешип мектептин материалдык базасын чыңдоого чоң салым кошту. Ар бир ишин алкоого арзый турганын баса белгилеп айтууга болот. Өмүрүнүн 32 жылын эл агартууга арнады. Нуркабыл агайдын жетектеп турган мезгилин, уюштуруучулугун, башкаруучулук дараметин кесиптештери, ошондогу окуучулар, айылдаштары суктануу менен эскеришет, жагымдуу элестер менен эсте калды. Сөөлөттүү сөзү, санаттуу сабактары, адеп-ахлагы, жүрүм туруму баарын суктандырып турчу. Үзүрлүү иши менен баардыгына үлгү болуп, миңдеген окуучуларды тарбиялап, туурунан учурду. Нуркабыл агай мектептин чарбалык иштерин мыкты жөнгө салды. Атап айтканда, Мексико уюму менен биргеликте 87-миң сомго 4-класска парта, 2007-жылы АРИС программасынын негизинде 375 миң сомго компьютердик класс жана маалыматтык борбор ачылды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен мектептин айланасы толук пескоблок менен тосулду. Окуу-тарбиялык иштериндеги көптөгөн жетишкендиктер менен бирдикте, Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби облуста мыкты мектеп сынагына катышып, 2012-жылдын мыкты мектеби номинациясында баш байгени жеңип алып Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду. 2013-2014-окуу жылында окуу тарбиялык иштерде жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетишти. БУУнун азык-түлүк программасынын долбоорунун негизинде 1-4 класстарга ысык тамак берүүнү жакшыртуу максатында, 570 000 сомго ашкана учкун заманбап жабдыктар алынды. АРИС тарабынан мектептин 2-корпусунун чатыры 846000 сомго алмашылды. 2014-жылы Түрткү берүүчү фонддун жардамы менен мектептин 1-корпусунун чатыры 1 500 000 млн сомго алмашылды. 1-2-3 корпустарга демөөрчүлөрдүн жана АРИСтин колдоосу менен 530 000 сомго таза суу кирип, жуунгучтар орнотулуп, септиктер жасалды. Нуркабыл агай мектептин директорлук кызматында 11 жыл иштеп ошол жылдар ичинде 9 жолу биринчи орунду жеңип алган. 2011-жылы мектеп райондогу алдыңкы мектеп номинациясын жеңип алган. Айтып отурсак арбын аракеттер менен көптөгөн иштер аткарылган, анын орчундууларына гана токтолдук. Даярдаган: Эрлан Смайыл уулу #өрнөктүүөмүр #нуркабылмамбетакунов

Смотрите также