Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅“Мээрим” ресторанынын 14 млн сом карызы кайдан чогулган? Расмий жооп!
С.Мамановага Ош шаарынын мэриясынын 2003-жылдын 6-ноябрындагы №1259 сандуу “Ош шаарынын Кара-Суу көчөсү б/н дарегинде жайгашкан жер тилкесин С.Мамановага берүү жөнүндөгү” токтомунун 1-пунктуна ылайык, С.Мамановага 1647,0 кв.м жеке менчик укугуна жер учатогу, 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануу укугу менен жалпы аянты (бардыгы) 880,0 кв.м берилген. Андан кийин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен С.Маманованын ортосунда 2010-жылдын 12-майынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин №285-10 сандуу ижара келишиминие ылайык түзүлгөн. Бул келишимдин предмети Кара-Суу көчөсү номери жок дарегинде жайгашкан 880,0 чарчы метр жер тилкеси болуп саналат. Ош шаардык сотунун 2012-жылдын 13-январындагы чечими менен С.Маманованын Ош шаары Кара-Суу көчөсү номери жок дарегинде жайгашкан мейманкананын, универмагдын жана билярд бөлмөсүнүн имаратына жанаша жайгашкан 610 чарчы метр жана 270 чарчы метр жер тилкесине жеке менчик укугун таануу жөнүндөгү доо арызы каанааттандырылган. Тактап айтканда С.Маманова ижара шартында пайдаланып келген жер тилкени соттун чечими менен жеке менчигине берилип, бирок каттоо органында укугу катталбаган. Бүгүнкү күндө, Ош шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 30-октябрындагы №953 жана 2022-жылдын 05-августундагы №331 токтомдорунун негизинде талаштагы жер тилке Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мэриясынын муниципаллык менчик башкармалыгында аудитордук текшерүү жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, аталган жер тилке боюнча дагы текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2011-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин С.Маманова тарабынан төлөнбөй калган ижара акысы эсептелинип, б.а. С.Маманова муниципалдык жер тилкени пайдалангандыгы үчүн шаардык бюджетине 10 396 001 сом зыян келтиргендиги аныкталган. Андан кийинки 2024-жылдын 01-январынан тартып 2025-жылдын 30-октябрына чейинки ижара акысы 3 235 232 сомду түзгөн, жалпы С.Маманова шаардык бюджетке 13 631 233 сом зыян келтирген. Аталган карыздын эсебинен С.Маманова бүгүнкү күнгө карата 600 000 миң сом акча каражатын шаардык бюджеттин эсебине которгон. Ал эми, калган 13 031 233 сом карызын бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй келүүдө.