Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅ Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
🔹Бүгүн, 27-октябрда Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын оңдоо-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеменин жамааты катышты. 🔹Бул имарат курулгандан бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес. Жыл башында Жеңишбек Токторбаев ишкананын абалы менен таанышып, быйылкы жылы оңдоп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырган. 🔹Ага ылайык ишкананын 3 кабаттан турган имаратынын фасады, бөлмөлөрү толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 1 500 метр квадрат болгон аянты асфальтталды. Ошондой эле таза суу насостору жаңыланып, аймагы көрктөндүрүлдү. 🔹Белгилей кетсек, аталган мекемеде 360 кызматкер эмгектенет. Автобус, троллейбустардын жалпы саны 181. Бүгүнкү күндө ишкана 2 троллейбустук жана 9 автобустук каттамдарды тейлейт.