Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйынын өттү. Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, 2 нөөмөт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин шаардык архитектура тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт. Жалпы жумуш 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат. Убактылуу ыңгайсыздактар үчүн шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз. ____________________________________ В Оше дан старт строительству двухуровневой дорожной развязки Сегодня, 19 июня состоялось выездное заседание Технического совета мэрии города Ош по строительству двухуровневой дорожной развязки по улицам Монуева-Шакирова-Алимжанова. В заседании Технического совета по главе с заместителем мэра города Ош Замиром Юсуповым приняли участие руководители соответствующих учреждений, ведомств и служб, представители подрядной организации и МТУ. В рамках обсуждения соответствующим службам даны поручения по комплексному проведению стартовых работ, в том числе переносу соответствующих коммуникаций, работе в 2 смены. Ранее здесь со стороны архитектуры города проведена необходимая разъяснительная работа с коммерческими объектами, местными жителями. Стоит отметить, что в рамках реализации первого этапа проекта дорога на улице Монуева не будет полностью перекрыта во избежание автомобильных заторов. Протяженность работ в рамках первого этапа составит 600 м. В рамка указанных работ планируется расширение дороги, а также построен тротуар, ирригационные сети. Убедительная просьба к жителям города Ош с пониманием отнестись к временным неудобствам. __________________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также