Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүдөн баш тартышты. Мындай кадамды айрым кесиптештери сынга алышты. Фракция депутаты Исхак Масалиев өз позициясын бул мыйзамдын кабыл алышына каршы экени менен түшүндүрдү. “Талкуу болуп жатканда өкмөт башчысы бул мыйзамга коррупционерлерге тиешеси жок деп айткан болчу. Мыйзамды карап чыкса, бардык кылмыш туш келет экен. Бардык кылмыш кечирилет экен. Буга барбашыбыз керек. Ошол себептеп добуш бербейм”, - деди Масалиев. Бул суранычтан кийин Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бирок бир нече депутат каршы чыгып, добуш бербей жаткан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрүн “саботаж кылып жатат” деп сындашты. Депутат Балбак Түлөбаев нааразычылык иретинде жыйын залынан чыгып кетип, бирок кийинчерээк кайра келди. Адахан Мадумаров президент болуу үчүн упай топтоп жатканын айтты. “Молодецсиңер, ушундай болуш керек! Башыңда кылыч турса да, позициядан тайбаш керек. Тиякка-биякка ойнобош керек. Өкмөт мыйзамдарды алып келип жатат, “Бүтүн Кыргызстан каршы чыгып жатат, эмнеге? Өкмөттү сындырыш керек да, өзүлөрү бийликке келиш керек. Мунун баары шоу эмес, муну саясий упай топтоо дейт! Муну эртеңки президенттик шайлоого даярдык дейт. Мыйзамдар жол бергенден кийин ошону менен кетиш керек. Күрөшкүлө же чыккыла саясий аренадан”— деди Түлөбаев. Жыйынтыгында добуш берүү кийинки отурумга жылдырылды.