Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагында тартылган детективдик көркөм сериал. Сериалдын башкы каарманы Актан атасынын жолун жолдоп, Укук коргоо органдарында ак дилинен кызмат өтөөнү кыялданат. Ошондой бийик максатка умтулган жигит ИИМ Академиясын артыкчылык менен аяктайт. Тажрыйбалуу укук коргоо кызматкери Таалай, Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон кыздардын ишин иликтеп, академиянын жаш бүтүрүүчүсү Актанды уюшкан кылмыштуу топко жашыруун, каймана ат менен киргизет. Уюшкан кылмышкерлер арасында иштеп баштаган башкы каарман өз өмүрүн ойлобой, керектүү жерде кыраандык менен чечкиндүү кадамдарга барып, терең тамырлап кеткен кылмыштардын бетин ачат... “Тайган” көркөм сериалы калың журт менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосундагы ишенимди, кызматташтыкты жана сый-урматты арттыруу максатын көздөйт.